Кыргызстандагы суу кризисин чечүү жолдору сунушталы

“Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү” темасында Ош шаарында конференция өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Айыл-чарба жана экономика министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана фермерлер катышууда.

Сугат суу боюнча түзүлгөн Демилгелүү топтун өкүлдөрү депутаттаргаа жана өкмөт мүчөлөрүнө суу кризисин чечүү боюнча сунуштарын эскертишти.

Алардын айтымында, дыйкандар кургакчыл мезгилде гана эмес, жыл сайын сугат суусунун тартыштыгына дуушар болуп келишет. Кырдаалды туруктуу жол менен жөндөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дыйкандарга суу жеткирүүгө катышуу укугун мыйзамдаштыруу керек.

Буга чейин Демилгелүү топ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылып, депутаттар менен биргеликте өкмөттө талкууланып жаткан мыйзам долбоорун алдыга сүрөө сунушу менен кайрылган.

«Бул документтер пакети Демилгелүү топтун мүчөлөрү тарабынан дыйкандар, суу пайдалануучулар ассоциациялары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулардан кийин иштелип чыккан жана алардын кабыл алынышы ички сугат тармактарын каржылоого мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы дыйкандарды сугат суусу менен натыйжалуу камсыз кылууга оң таасирин тийгизет деп эсептейбиз», – дешет топтун мүчөлөрү.

Алардын айтымында, республикалык бюджет аркылуу 5,7 миң гана чакырымдагы чарбалар аралык каналдардын каржылоосу каралган. Ошол эле учурда СПАнын балансында турган ички чарбалык сугат каналдарына таандык 23,2 миң км каналды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат каралбай келет. Анын себебинен каналдар оңдолбой, дыйкандардын талааларына кетчү эски каналдардагы сугат суу 60%га чейин жоготууга учурап келет.

Демилгелүү Топ 2018-жылы сугат маселелерин чечүү максатында дыйкандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлгөн. Себеби сугат суунун жетишсиздиги түшүмдүүлүктүн коромжуга учурашына алып келүүдө, кыска мөөнөттө жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз таасирин тийгизип, узак мөөнөттүү келечекте азык-түлүк кризисине алып келүү коркунучун түзүүдө.

«Тилекке каршы, сугат суусунун жетишсиздиги жылдан жылга кайталанган көйгөйгө айланды. Бул маселени чечүүдө көңүлдү сугат суунун жетишсиздигинин негизги себептерине буруу керек. Ал дайым эле суунун азайуусунда гана эмес. Ирригациялык инфраструктура жана сугат сууну башкаруу системасы дыйкандарды сугат суу менен толук камсыз кылуу практикасына жана талаптарына шайкеш келиши үчүн кылдат изилдөөнү талап кылат», – деп Демилгелүү топтун мүчөлөрү өкмөт башчысына жолдогон кайрылуусунда жазышкан.

Демилгелүү топ “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны илгерилетүүгө бардык аракеттерин багыттоодо. Бул мыйзам долбоорунун максаты – суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жоопкерчилик зонасында ички чарбалык ирригациялык тутумдардагы ирригация чөйрөсүндө экономикалык туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган.

«Учурдагы мыйзамдарга ылайык, суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) дыйканга сугат суусун жеткирип берүү милдетин аткарат. Республикада түзүлгөн жалпысынан 496 СПА айылдыктарды сугат суу менен камсыз кылышы керек, бул өлкө калкынын 60% га жакынын жана 700 миң га жакын сугат жерин (70%) түзөт. Иш жүзүндө суунун жоктугуна нааразы болгон дыйкандардын айыл өкмөттөрүнө арызданып жатышканын көрүп жатабыз. Сугат сууларынын көпчүлүгү СПАнын балансында турган ички чарбалык ирригациялык каналдардын абалынын начардыгынан жоготууга учурайт. Ички каналдарды калыбына келтирүү үчүн жеңилдетилген насыяларды алган 130дан ашуун СПАлар төлөөнү камсыз кыла алышпайт – насыяларды төлөө орто эсеп менен болгону 17% ды түзөт. СПАнын жооптуу аймактарындагы каналдардын жалпы узундугу болжол менен 20 миң километрди түзөт», – деп Демилгелүү топ айтууда.

Демилгелүү топ тарабынан сунушталган мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сугат суу менен камсыздоону жана ички чарбалык ирригациялык инфраструктураны мыйзамга ылайык башкарууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган. Учурда мыйзам долбоору өкмөттө талкууланып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.