Кыргызстандагы алгачкы биофабрика Баткенде курулуп жатат

Кыргызстанда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу биопрепараттар чыгарылат. Ал үчүн Баткен шаарында алгачкы типтүү биологиялык фабрика курулуп жатат.

Өндүрүш өлкө аймагын бүт камсыздап, айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу максаты көздөлгөн. Өсүмдүктөрдү түрдүү ылаңдан оолак кылган каражаттар экологиялык жактан таза жана дыйкандардын капчыгына ылайыктуу болот.

Кыргызстандагы алгачкы биофабриканы куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 14 миллион сом ажыратылган.

Имарат эки кабаттан туруп, май айында ишке берилиши күтүлүп жатат. Курулушу былтыр октябрда башталып, азыр иштин 95%ы аткарылып калды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.