Кыргызстанда жоопкерчиликтүү ата-эне үчүн мектеп ачуу сунушталууда

Кыргызстанда жоопкерчиликтүү ата-эне үчүн мектеп ачуу керек. Бул тууралуу баланын укуктары боюнча акыйкатчы Жыпариса Рысбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республиканын чегинен сыртка сапар тарткан ата-эне социалдык өнүгүү органдарына кабарлап, башка адамга камкордук көрүүнү уюштурушу керек.

«Камкорчулук сот аркылуу ишке ашырылат, убактылуу камкордук бар, ал социалдык өнүгүү органы тарабынан жол-жоболоштурулат. Ата-энелер балдарын туугандарына таштап, өлкөдөн чыгып кеткен фактылар бар. Бул жоопкерчиликсиздик. Көбүнчө, ата-энелери эмгек миграциясында жүргөн балдар жакын туугандары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылууда. Мындай фактыларды азайтуу үчүн жоопкерчиликтүү ата-энелер үчүн атайын мектептер, атайын борборлорду ачуу зарыл. Жарандар балдарды тарбиялоону үйрөнүшү керек», – деди Жыпариса Рысбекова.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.