Кыргызстанда тоо жаракалары көбөйө баштады

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматы боюнча, 27-июнда Чоң-Алай районунун тоо этектеринде майда жаракалар пайда болду. Тагыраагы: жаракалар Сары-Булак айылында байкалган.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Мая Шаимкулованын айтымында, жаракаларды атайын кызматтардан барып, изилдөө иштерин жүргүзө башташты.

Жыйынтыгында тоодогу жаракалар 2 турак үйгө кооптуу абал жараткандыгы аныкталып, турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Андан сырткары, айылдын жогору жагында да кошумча жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Быйыл Кыргызстанда жаратылыш кырсыктар көп болуп, жер жаракалары да катталды. Буга чейин, тагыраагы жаз алдында, өлкө түштүгүндөгү Ош облусунун Шоро жана Допу участкасынын жогору жагында жер сүрүлүп жаткандыгы байкалган. Коопту делген  жердин тушунда эки турак үй бар экендиги аныкталды. Андагы  жашоочулар убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Шоро участкасындагы сүрүлүп, жарака пайда болгон жер 30 сантиметрге чейин чөгүп, 50 сантиметрге чейин жылган.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жер титирөө, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталат. Быйыл айрыкча ушундай кырсыктар көп болгондуктан, жүзгө жакын адам каза болду.

Фото: ӨКМдин архивинен

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.