Кыргызстанда жалгыз бой энелер үчүн тигүү курстары пайда болот

Аль-Мактум фонду Кыргызстандандын билим берүү жана илим министрлигине турмуштук оор кырдаалга туш болгон жалгыз бой энелер үчүн тигүү курстарын уюштурууга жардам берүүгө даяр.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул тууралуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Аль-Мактум Фондунун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мырза Хусейн Ас-Сайег менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

«Ошентип, аталган программанын алкагында фонд 50-60 тигүүчү машиналарды берүүгө даяр. Өз кезегинде, курсту аяктагандан кийин тигүүчү машиналар бүтүрүүчүлөрдүн менчигине өтүп, курстун жаңы катышуучулары үчүн жаңылары сатылып алынат », – деп айтылат билдирүүдө.

Учурда министрлик кесиптик лицейлерди аныктап жаткандыгын, анын негизинде жалгыз бой энелер үчүн тигүү курстары ачылып, уюштурулаары такталды.

Мындан тышкары, фонддун маалыматы боюнча, кийинки жумада алар Германияда өндүрүлгөн тигүү машиналарынын биринчи партиясын Кыргызстанга тигүү курстарын уюштуруу үчүн жиберүүгө даяр.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.