Кыргызстанда “Өзүндү өзүң текшер!” акциясы жүрүп жатат

Өлкөдө преизденттик шайлоого карата “Өзүңдү өзүң текшер!” акциясы башталды. Иш чаранын алкагында шайлоочуларга өзүн тизмеден тактоо боюнча маалымат берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

16-августтан 30-августка чейин шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактоо керек. Бул үчүн участкалык  шайлоо  комиссияларынан же shailoo.srs.kg интернет сайтына кирип  текшерсе болот. Ошондой эле 16-августтан баштап бардык шайлоо участкаларында  милдеттүү түрдө шайлоочулардын тизмелери илинет. Ошол жактан да карап билсе болот.

Эгерде шайлоочу  шайлоо тизмесинен өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3 формасында арыз жазып, өзүнүн участоктук шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек.

Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо дареги боюнча) 30-сентябрга чейин №2 формасында  арыз  жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл.

Биометрикалык каттоодон  өтүүгө үлгүрбөй калгандар жашаган жерлери  боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан  тактаса болот.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүнүн  участкасынын  номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту алууга болот. (СМС билдирүү акысыз)

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz