Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди.

Алардын 2013ү каза болгон. Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген