Кыргызстанда ВИЧти жуктурган аялдардын саны көбөйүп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрга карата ВИЧ илдети менен өлкө аймагында 7 264 адам каттоого алынган. Жалпы бейтаптардын 600дөйүн балдар түзөт.

Министрликтен билдиришкендей, инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар 51% түзөт, 2011-жылы бул көрсөткүч 31% болчу. Илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар экенин жана алардын арасында аялдар көбөйүп жатат.

Бүгүн, 18-августта Бишкекте ВИЧ-СПИДди жана кургак учукту алдын алуу аракеттери жана ооруга байланыштуу соңку жагдайлар талкууланарын “Азаттык” жазды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылоону 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.

2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү аракет көрүшү керек. Бул жаатта улуттук программа да иштелип чыккан.

Сүрөт: Спутник

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz