Кыргызстанда ВИЧ/СПИДке кабылгандардын саны 33 жылда 10 миң 214кө жетти. Статистика

Бүгүн, 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облусттук СПИДке каршы күрөшүү борбору тарабынан иш чара уюштурулуп, ага оору менен күрөшүүгө көмөк көрсөткөн мекемелердин, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана ЖМК кызматкерлери катышышты.

Иш чаранын алкагында бир жыл ичинде аталган оору менен күрөшүүгө жардам берген ишканалар жана ЖМК кызматкерлерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ошондой эле аталган борбордун кызматкерлери тарабынан СПИДке чалдыккан жарандардын дүйнөлүк жана өлкө аймагындагы статисткасы маалымдалды.

Дүйнөдө ВИЧ/СПИД менен жабыркагандардын саны учурда 38 млнду түзүп, 2019-жылы аталган илдет менен ооругандар 1 млн 700 миңге жеткен.

Коронавирус эпидемиясы учурундагы ВИЧ/СПИД менен ооругандар тууралуу:

ВИЧ/СПИД диагнозу бар бейтаптардын абалы пандемия башталгандан тарта күч алып, натыйжада ар кандай оорулар менен жабыркагандардын саны 75 млндон ашык учурга жеткен.  Ошондой эле вирус тарагандан бери 32 млндон ашуун адам көз жумган.

Кыргызстанда ВИЧ/СПИДтин эң алгачкы катталган учуру 1987-жылга туура келет. Анда Бишкектеги учкучтардын аскердик окуу жайына Африкадан келген студенттерде катталган.

Андан бери өлкөдө аталган вируска чалдыккандардын саны 10 миң 214ко жеткен.

Алардын ичинен кыргыз жарандары- 9 миң 643;

Чет өлкөлүк жарандар- 571;

Каза болгондор- 2 миң 174;

Жогорудагы көрсөтүлгөн учурлар кандай жолдор менен вирусту жуктуруп алышкан?

Баңгизатын ийне саюу аркылуу колдонгондо- 25 миң кыгызстандык жугузуп алган(2006-жылдан баштап көбөйө баштап, 2009-жылы эң көп учур катталган);

Эркек менен жыныстык байланышта болгон эркектердин арасында- 16 миң 900 учур(2007-жылдан башталып, 2011-жылдан тарта көбөйүп, 2014-жылы пикке жеткен);

Жыныстык байланыш кызматын көрсөткөндөр арасында- 7 миң 100 учур;

Абакта олтурган адамдардан- 8 миң 500 учур катталган;

ВИЧ/СПИДтин эң көп катталган учурлары:

Чүй облусунда– 2842 учур,

Бишкек шаарында– 2072,

Ош облусунда– 1 568,

Ош шаарында– 1180,

Жалал-Абад облусунда– 1185,

Баткен облусунда– 248,

Ыссык-Көл– 312,

Нарын- 192,

Талас облусунда– 142 учур катталган.

СПИДке каршы күрөшүү күнү 1988-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламттыкты сактоо уюму(ДСУ) тарабынан белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.