Кыргызстанда узатуучулар менен тосуп алуучулар аэробекеттерге убактылуу киргизилбейт

Өлкөдө “Манас” жана “Ош” Эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди.  Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу жана жайылтпоо боюнча түзүлгөн штабдан билдиришти.

“Манас” жана “Ош” Эл аралык аэропорттору коронавирус COVID-19 жайылышын болтурбоо максатында аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди.

Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.

“МЭА” ААК ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөр менен кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлгөн чараларды түшүнүү менен кабыл алынуу суранат.

Бүгүн коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген