Кыргызстанда тартылган тасма АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын программасына кирди

Режиссёр Элдияр Мадаким тарткан “Сальвадор Дали” тасмасы АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын конкурстук программасына кирген. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришти.

Алардын айтымында, тасма Чикагодо (АКШ) 5 -ноябрдан 14 -ноябрга чейин өтүүчү 38-Эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Ал ошондой эле, 12 -ноябрдан 5 -декабрга чейин өтө турган 16-Саппоро эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалында жана кино базарында сынакка тандалат.

Япон фестивалында эл аралык жана улуттук тасмалар көрсөтүлөт, мындан тышкары катышуучулар япон жана эл аралык кинорежиссёрлор жана продюсерлер менен байланыш түзө алышат.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 6-15-октябрь күндөрү, Түштүк Кореядагы 26-Пусан эл аралык кинофестивалында “Кең бурч” сынактык программасынын алкагында өтөт.

“Сальвадор Дали” тасмасы бийик тоолуу жерде чоң энеси менен тарбияланган режиссёрдун балалыгы тууралуу баяндайт. Күн сайын кичинекей Орозбекке мектепке жетүү үчүн алыс аралыкты жана дарыя өтүүчү жолду басып өтүүгө туура келет. Кантсе да, дал ошол жерде ал өзүнүн эңсеген кыялына жакындай алат деп ишенет.

Тасма 2020 -жылдын кышында Алай районундагы Элдияр Мадакимдин кичи мекенинде тартылган.

Башкы ролдорду: Дамир Нурмаматов, Кеңеш Курманалиева, Аксулуу Токоева, Таалайкан Абазова жана Уланбек Султангазиевдер ойногон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.