Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу жерде жашайт

Кыргызстанда 3 миң 859 үй-бүлө кооптуу жерде жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө, сел өңдүү табигый кырсыктар көп катталган аймак экендигин билдирди. Ошондуктан министрликтин алдында 3859 жаранды коопсуз жерге көчүрүү иши турганын белгиледи.

“Учурунда өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого мүмкүн эмес делген аймактарды аныктап, ал жакта турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарып, 3 миң 859 үй-бүлөгө көчүп кетүү керектигин эскерткен. Бул үчүн 2 миң 488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Буга ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгерлик кылууда. Министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды кыдырып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт”, – деп белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.