Кыргызстанда социалдык дарыканалар ачылат

Кыргызстанда социалдык дарыканалар ачылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Ошто жугуштуу оорулар ооруканасы жана социалдык дарыкана ачылат.

Дарыканаларда дары-дармектерге арзандатууларды убада кылышууда.

“Мисалы, бир гана Ноокат районунда бизде ар кандай майыптык топторундагы 3,8 миң адам бар. I жана II топтогу майыптар үчүн бардык дары-дармектерге 25 пайыздык, калганына 15 пайыздык жеңилдик каралган “, – деди министр.

Ал белгилегендей, Ош облусунун артынан мындай дарыканалар Жалал-Абадда, андан кийин республиканын башка аймактарында ири ооруканаларда пайда болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы арзандатуулар өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Буга чейин калктын камсыздандырылган категориясына жыл башынан бери жөлөкпул алуу үчүн жарым миллиондон ашык рецепт берилгени маалымдалган. MКК фонду менен келишим түзгөн дарыканаларга компенсациянын суммасы 130 млн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.