Кыргызстанда сентябрь айында калкты каттоо болуп өтөт

Кыргызстанда калкты каттоо 2021-жылдын сентябрь айына пландаштырылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык каттоолор жана геоинформациялык тутумдар бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди.

Айтымында, каттоо биринчи жолу электрондук форматта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, каттоонун катышуучулары маалыматтарды мобилдик смартфонго жүктөлө турган атайын программага толтурушат.

Каттоодон өткөрүү үчүн жалпысынан 25 миң смартфону бар жарандар жалданат.

Чыныбаева пилоттук каттоо буга чейин Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош шаарында жүргүзүлгөнүн айтты.

Калктын жалпы каттоосу 10 жылда бир жүргүзүлөт. Мурда калкты каттоону 2020-жылдын март айында өткөрүү пландаштырылган. Бирок, пандемияга байланыштуу өнөктүк кийинкиге калтырылды.

Калкты каттоо БУУнун калк фондунун колдоосу менен жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.