Кыргызстанда санарип паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр киргизилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлиги менен бирдикте ID-картасынын (жарандык ички паспорттору), айдоочулук күбөлүктөрүнүн жана транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн санарип версияларын киргизүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

“Санарип документтер” кызматын калкты тейлөө борборунда булутка негизделген электрондук санарип кол тамганы алуу жана уюлдук телефонго же планшетке “Түндүк” тиркемесин орнотуу аркылуу колдонсо болот.

Башкармалык жаңы системаны тестирлөө азыртан эле жүрүп жатканын, өлкөнүн мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү калганын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.