Кыргызстанда “Рубеж-2021” аскердик машыгуулары өтөт

КРнын Коргоо министрлигинде Кыргызстандын жана Орусиянын Коргоо башкармалыктарынын жана ЖККУнун Биргелешкен штабынын өкүлдөрүнүн “Рубеж-2021” тез жайылтуунун жамааттык күчтөрү бөлүктөрү менен биргелитке машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен машыгуу өткөрүү идеясынын негиздерин, жетекчилик аппаратынын курамын, ыкчам топторду жана ЖККУга катышкан мамлекеттердин контингенттерин, ошондой эле ар тараптуу колдоо маселелери тууралуу талкуулашты.

Машыгууну ушул жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.