Кыргызстанда республикалык тестирлөө жүрүп жатат

Бүгүн, өлкөнүн бардык аймактарында республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, тестирлөө 115 сыноо борборунда бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Борборлордо, медициналык пункттарда жана медициналык кызматкерлердин кезмети уюштурулуп, тесттин катышуучулары зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз болушат (тазалоочу каражаттар, маскалар, кол каптар жана башкалар).

2021-жылы абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:

  • 1-этап – 18, 19-май;
  • 2-этап – 21, 22-май;
  • 3-этап – 22, 23-июнь.

Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун маалыматы боюнча, ЖРТга 42817 бүтүрүүчү катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.