Кыргызстанда президенттикке кимдер ат салышып жатат?

15-октябрда Кыргызстанда президентти шайлоо өтөт. Конституцияга ылайык, азыркы президент Алмазбек Атамбаев өнөктүккө катышпайт. Андыктан алдыңкы алды жылда КРны ким башкара турганын азыр эч ким айта албайт. Башында ажолукка 59 киши талапкер болду. Бирок алардын көпчүлүгү ар кайсы тепкичте иргелип отурду. 10-сентябрда талапкерлерди каттоо аяктады. Жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттады.

“Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” талапкерлерди алфавиттик тартиптте тааныштырат.

 1. Абдылдаев Арстанбек

Ат-Башы райондук керектөө союзунун сатуучусу 2011-жылы “зима не будет” деген жарыясы менен атактуу болуп чыга келди.

2000-жылдан азырга чейин нефти продукцияларын сатуу менен алектенген жана бир катар май куюу жайларына ээлик кылган “Ауридин” ЖЧКсына ээлик кылат. Ошондой эле “Эл үчүн” саясий партиясынын лидери. Төрт баласы бар.
Ал 2011-жылы президенттике талапкер болуп, 0,46% добуш алган.

2. Бабанов Өмүрбек

47 жаштагы Бабанов жаш, келечектүү саясатчылардын катарында бир нече жылдан бери жүрөт. Президенттикти эңсеген дымагын ал көптөн бери жашырбайт. Ийгиликтүү ишкер Бабанов саясаттагы жолун оппозициячы катары баштады. 2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин отставкасы үчүн аракеттенди, 2009-жылы ошол эле Бакиев Бабановду биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындады. Ал бул жогорку кызматта бир жылга жетпей иштеп, революциянын алдында отставкага кетти.

2007-жылдагы парламенттик шайлоодо БШК анда Казакстандын жарандыгы да бар деп шектеди. Ошентип, КСДПнын тизмесинде бараткан Бабановду шайлоодон четтетишти. Кийин аны тизмеге кайра кошушту (Өмүрбек Бабанов Казакстандын жарандыгынан баш тартты), бирок ал парламенттеги мандатын партиялашы Роза Отунбаевга берди (кийинчерээк ал өткөөл мезгилдин президенти болот).

2010-жылдагы парламенттик шайлоого Бабанов “Республика” партиясын түптөдү да, алар добуш саны боюнча төртүнчү болуп Жогорку Кеңешке келишти. Бир жылдан кийин Бабанов премьер-министр болду. Кызматынан жылкыга байланыштуу чатактан кийин кетти, каршылаштары башкы республикачыны күлүктү пара катары алган деп айыпташты, бирок Бабанов жаныбарды сатып алганын айткан.

Үч жылдан кийин ал чоң саясатка  парламент депутаты катары кайрадан келди. Кыргызстандын эң бай жана белгилүү адамдарынын бири катары белгилүү. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов Facebook`та катталганы расмий бышыкталган биринчи кыргызстандык болду.

3. Бекназаров Азимбек

“Революция бульдозери”. Ушундай лакап атты ал 2005- жана 2010-жылдагы революцияларга активдүү катышканы үчүн алды. Жогорку Кенештин депутаты жана “Асаба” партяисынын тең төрагасы болуп турган. Бирок Азимбек Анаркулович тилектештери менен бат эле урушуп кетип, опозиционерлердин катарына кошулган жайы бар.

Азыр да бийликке болгон сындарды айтып жүрөт. Бекназаровдун аты менен байланышкан акыркы чоң чуу ага карата кылмыш ишинин козголушун шарттады. УКМК менен Башкы прокуратурага Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин мурда интернетке чыккан сүйлөшүүсүнөн аудифайл түштү. “Бекназаров сотто Өмүрбек Текебаевдин пайдасына жалган көрсөтмө бергени айтылат”, – деп билдиришти УКМКдан .

Бекназаров саясий иштери менен гана эмес, айтылган сөздөрү менен да таанылып, эл аны цитатага айлантты. Анын “упор на выборы” дегенин “порновыборы” дегенге айланып кеткени көптүн эсинде.

Өткөн жылы ал президент тууралуу: “Атамбаев сырткы саясатты жөндөө функциясын, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча репрессивдик ыйгарым укуктарын менчиктеп алды” деп билдирген жайы бар.

Азимбек Бекназаров 2012-жылы президенттин кадр саясаты тууралуу “Ак үйдүн телефондор жазылган китепчесин барактасаң, Акаевдин дооруна кайткандай эле болосуң – ошол эле ысымдар” деген.

4. Жээнбеков Сооронбай

Ал президенттикке азыркы ажо Алмазбек Атамбаевдин партиясы КСДПдан аттанды. Акыркы кезде премьер-министр болуп турду. Кызматын шайлоого байланыштуу тапшырды.

Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Телман айылында төрөлгөн. Үй-бүлөсү жогорку кызматтарда отурган бир топ адамдар чыкканы менен белиглүү. Улуу агасы Жусупбек Шарипов –  Кыргызстандын Кувейттеги элчиси, Асылбек Жээнбеков – парламенттин мурдагы спикери. Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы премьерликке ат салыша турган болгондо Асылбек кызматынан кетүүгө арагасыз болду. Азыр ал КСДП партиясынан катардагы депутат.

2012-жылы айрым ММКларда Кара-Кулжа районунун айрым тургундары Жээнбековдор кланы аймакты бүт бийлеп алганын айтышканын жазышкан. Маалыматта бул ашынган аракетти токтотуу керектиги белгиленет. 2010-жылдагы июнь окуясы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда жүз берди. Айрым ММКлар Жээнбеков түштүктү калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акчадан 3 млн долларды менчиктеп алган деп айыпташты. Муну Ош ОИИБнин мурдагы башчысы Абдылда Капаров айтып чыкты. Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду өлкө түштүгүндө курал-жарак таратууга аракет кылышкан деп да күнөөлөгөн. Жыйынтыгында Жээнбеков аны сотко берип, ишти утуп чыккан.

Премьер катары Сооронбай Шарипович кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик архитектура, курулуш агенттигинин башчысынын орун барасы Алмазбек Абдыкадыровду кууганы менен эсте калды.

5. Зарлыков Эрнис

Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков  кыргыз тили боюнча тесттен 60,16 упай алганы менен өзгөчөлөндү, бул эң начар көрсөткүч. Шайлоого катышуу үчүн талапкер бул сынактан 60тан кем эмес упай алышы керектигин эскерте кетели.  Демек, Зарлыков бул босогону араң багындырды.

Жакында 50гө чыгат, өмүр бою мэриянын түзүмүндө иштеген финансист. Бишкектин бюджети үчүн жооптуу болгон киши.

6. Кочкоров Улукбек

V чакырылыштагы депутат, Бтакендин кулуну. 2017-жылдын башынан азырга чейин “Жаңы доор” паритиясынын төрагасы. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Аялы Шайыргүл Латипова Улуттук госпиталда невропотолог-дарыгер болуп иштейт.

Кочкоров – президентикке талапкерлердин эң жашы. Ал 43 жашта. Билими боюнча экономист.

Анын эң эсте калган иши – Баткен облустук ооруканасынын бир палатасын өз акчасына толук оңдоп бергени.

7. Мадумаров Адахан

Азыр “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Адахан Кимсанбаевич  саясий карьерасын 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары баштады. 2005-2007-жылдары КРнын вице-премьер-министри, мамлекеттик катчысы болуп турду, кийин депутат, спикер да болду. Бул кызматын ал 2008-жылы ызы-чуудан кийин таштап кетти. Буга браконьерлерден алынып, кампада сакталып турган жаңгак жыгачынан отурумдар залын жасоо демилгеси себеп болду.

Кийин ал КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. 2010-жылы июнь окуясы маалында убактылуу өкмөткө оппозицияда жүрдү. 2013-жылы анын  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин баш катчысынын орун басары болуп дайындалышы баары үчүн күтүүсүз болгон.

Мадумаров жакында эле башка саясатчылар – Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев менен бириккен. Бирок бул тилектештик узакка созулган жок. Азыр Бакыт Төрөбаев өзүнчө кетти, Ташиев Жээнбековду колдой турганы белгилүү болду.

Мадумаровдун “Бүтүн Кыгызстан” партиясы акыркы эки парламенттик шайлоодо катышты. Эки жолу тең бир пайызга жетпеген добуш аз болуп калды. 2010-жылы партия үчүн 145 миң адам добуш берди, алгач белгиленген 5%дык босогону 3 миң добуш артыкчылык менен өттү. Бирок “Шайлоо” автоматташтырылган системасы  аркылуу “Бүтүн Кыргызстан” үчүн шайлоочулардын 4,84%ы эле добуш бергени белгилүү болду.

2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы (бул шайлоого Мадумаров “Дордойдун” кожоюну Аскар Салымбеков менен чогуу барган) 96 280 добуш алды. Бул 7%дык босого талабы болгон учурда шайлоочулардын 6,15% добушу болуп калды. Саясатчы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылды. Себеби – автоматтык эсептөө үкөктөрү менен протоколдорду кол менен эсептөө ортосунда оң миңдей добуш айырма чыкты. БШК добуштарды кайра санады, бирок укук бузууларды тапкан жок.

8. Малиев Арсланбек

Арсланбек (Арслан) Касымакунович Малиев 1957-жылы  8-октябрда Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылында репрессияга кабылган педагогдордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты. 2007-жылы партиясыздардын “Аалам” партиясын түздү, азыр да бул саясий уюмдун лидери.

Википедияда кызыктуу бир маалымат бар – Арсланбек Малиевдин атынан 150 балага ысым берилгени айтылат. Уул балдарды Арсланбек жана Арслан, кыздарды Арслана деп аташкан.

Малиев 2012-жылы Кыргызстанды Кыргызжер деп атоо сунушун айтып, эл эсинде калган.

9. Масадыков Таалатбек

Таалатбек Шамудинович Масадыков  коомчулукка анча белгилүү эмес. 1961-жылы Фрунзеде (Бишкекте) төрөлгөн. Токио университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш, Борбор Азиянын коопсуздук саясаты көйгөлөрү жана терроризм, баңгизат маселелери боюнча адис.

Орусияда билим алган. 13 жылдан ашык БУУнун Ооганстандагы миссиясынын кызматкери болуп иштеди. Ал Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн 1945-жылдан бери Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы өкүлдөрдөн БУУ тутумунда эң жогорку кызматка жеткен адис. Масадыков үй-бүлөлүү, эки уул, небереси бар. Англис, пушту, адри тилдеринде эркин сүйлөйт.

10. Сариев Темир

Бул киши Кыргызстандын саясий олимпинде көптөн бери жүрөт. Жогорку Кеңештин депутаты да болду, оппозицияда да жүрдү, 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн курамында иштеди, 2015-жылы премьер-министрликке дайындалды.

2010-жылы Кыргызстанда “Миллион? Кайсы миллион?” деген сөз чыныгы мемге айланды. Окуя Жалал-Абаддагы элдик толкундоолорду басууга (убактылуу өкмөттүн расмий версиясы ушундай) сарпталган миллион долларлык банк ячейкасына байланыштуу.  Сүйлөшүүгө Сариевден сырткары Атамбаев, азыркы дагы бир талапкер Азимбек Бекназаров да катышкан.

Экономика министрлиги кызматында ал өлкөнү Кыргызстанды Евразия экономикалык союзуна алып келгени менен эсте калды. Кийин өкмөт башчылыкка келди, бирок 11 айга гана. Креслосунан ал Көчмөндөр оюнуна бүткөрүүгө аракет кылып жатышкан  Бишкек-Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу чатактан кол жууду. Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жолдун курулушу боюнча тендерде Сариевдин кызыкчылыгы бар деген билдирүү таратты. Муну далилдөөгө мүмкүн болбоду, бирок Темир Сариев министрлер кабинетинен эшикти катуу жапкан бойдон кете берди. Дал ошол күндөн ал президенттик шайлоого даярдыкты баштады. Ушул жылдын январында ажолукка ат салышуу ниети тууралуу ачык айта баштады.

Сариевди орусиячыл саясатчы деп эсептешет, анткени ал премьер кезинде орусиялык кесиптештери менен жакшы байланыш түзө алган.

11. Ташиев Камчыбек

Акаевдин маалында Ташиевдин парламентке келүүгө эки жолку аракети ийгиликсиз болду, биринчисинде Курманбек Бакиевдин уулу Маратка жеңилип калды. Жыйынтыгында революция алдында 2005-жылы өткөн шайлоодо ал өз айылындагы шайлоо округунан депутат болду. Бакиевдин тушунда ал өзгөчө кырдаалдар министри катары иштеди. 2009-жылдын декабрында премьер-министр Данияр Үсөнов Ташиевди ӨКМдин акча резервинен министрлик кызматкерлерине үй курам деп каражат иштеткени үчүн кызматтан алды. Ташиев күнөөсүз экенин айтып, Үсөновдун кызматтан кетишине аракет көрөрүн билдирген.

Негизи Ташиевдин өмүр баянында чатактар көп. Ал өзгөчө жүрүм-туруму менен да белгилүү. 2012-жылдын октябрында Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн. Ал “бийликти күчтөп басып алуу”, “конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштоо” беренелери менен 1 жыл 5 айга эркинен ажыратылган. 2015-жылы сот Ташиевдин соттуулугун алып салды.

2005-жылы Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерлеринен бирөөнү сабап салганы үчүн парламент депутаттыгына талапкерлердин катарынан чыгарылган.

2011-жылы президенттик шайлоого катышкан, добуштардын 14,32%ын алган.

12. Төрөбаев Бакыт

Жаш жана келечектүү саясатчы деп эсептелинет. 44 жашка келип ал үч чакырылышта депутат болду. Бирөөсүндө Курманбек Бакиевдин “Ак жолу” менен Жогорку Кеңешке келди. Анча көп эмес убакытка өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеди. Анан айыл чарбасына ооп, өз партясын түптөдү. 2013-жылы Мелис  Мырзакматовдун (Оштун мурдагы мэри, азыр издөөдө) партиясы менен бирикти.

Бирок кийин Мырзакматовдун өлкөдөн кетиши бул кызматташууга чекит койду. Төрөбаев спикер болууга аракеттенди, бирок майнап болбоду. Атаандашы Канат Исаев экөө тең бирдей добуш алып калышты. Бакыт Төрөбаев Адахан Мадумаров, Камчы Ташиев, Ахматбек Келдибеков менен бириккенин жакында эле жарыялашкан. Алар бирдиктүү талапкерди алга сүрөйбүз дешкен, бирок шайлоого ар кимиси өз өзүнчө аттанышты. Аз өтпөй, үгүт өнөктүгүнүн үчүнчү күнүндө Төрөбаев бул биригүүдөн чыкканын билдирди.

13. Үмүталиева Токтайым

Президенттикке талапкер жалгыз аял. Шайлоодо тагдырын биринчи жолу сынап жаткан жок. “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери, 55 жаштагы Үмүталиева көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эки революцияга тең катышкан.

2009-жылы Токтайым Үмүталиева эгер Кыргызстан бийлиги “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине сунуштабаса, ачкачылык жарыяламай болгон. 2011-жылы Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” айкелин алып салууну, Бишкекти Манас деп атоону колдоп чыккан. Миргүл, Назгүл жана Бурул деген үч кызы бар.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz