Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салынабы?

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча сунуш кайрадан көтөрүлүүдө. Аталган долбоор ЖКнын 5-чакырылышындагы тармактык кеңеште жактырылган. Мындан улам бул боюнча көптөгөн кесипкөй адистер иш алып барып, илимий негизде зыяндуулугун аныкташкан. Ошондой эле экологиялык таза желим баштыктарды өндүрүү боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөн эле. Бирок 6-чакырылыш бул мыйзам долбоорун четке каккан.  

“Желим баштык чыгаруу –  чоң бизнес, мунун артында канчалаган адамдар турат. Целлофансыз жашоону элестетүү кыйын. Бирок биз аң-сезимибизди, патриоттук сезимибизди ойготуп, зыян нерселерден баш тартканыбыз жакшы”,- дейт депутат Элмира Жумалиева.

Целлофандар көбүнчө өлкөнүн туристтик аймактарын таштандыга айландырууда. Экологияга олуттуу зыян алып келген баштыктар  500 жылга чейин чирибейт.  Целлофандарды кайра иштетүүгө жана өрттөөгө да болбойт.

Айрым экологдор кырдаалдан чыгуу үчүн  жарандардын маданияттуулугун калыптандырып, желим баштыктарды атайын таштанды салуучу жайга салыш керек дешет.

 ”Такыр эле пакетти пайдаланбай койгонго болбойт. Ошондуктан, чечим кабыл алаардан мурун элди маданияттуулукка, тазалыкка үйрөтүш керек”,- дейт экология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов.

2014-жылы Кыргызстанда целлофан өндүргөн ондой чакан ишкана болсо, учурда алардын саны 2 эсеге көбөйгөн.

Абанын булганышына себепкер болгон желим баштыктарды дүйнөнүн Лос- Анджелес, Сан-Франсиско сыяктуу ири шаарларында жана Кытайда колдонууга тыюу салынган. Кыргызстандагы мыйзам долбоору да жогорудагы мамлекеттердин тажрыйбасынан улам даярдалган.

Текст: Таңкыз Эргешба, Гүлзара Бакаева

Оператор-монтажер: Рустам Алымбаев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.