Кыргызстанда “Орёл & решка” көрсөтүүсү тартылды. Программа сентябрь айында чыгат

“Орёл жана решка” популярдуу саякат телекөрсөтүүсүнүн алып баруучулары Кыргызстанга келип кетишти. Бул тууралуу экономика жана каржы министрлигинин алдындагы туризм департаментинен билдиришти.

Айтымында, көрсөтүүнүн чыгармачылык тобу Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-июлунан 17-июлуна чейин болушту.

Азырынча көрсөтүүнүн сырлары ачыла элек. Ал сентябрь айында эфирге чыгат.

Белгилүү көрсөтүүнүн тобу буга чейин Кыргызстанга бир нече жыл мурун келген. Ошол чыгарылышта алып баруучулар Бишкек, жайлоо турлары, Ысык-Көл жана бүркүттөр менен мергенчилик жөнүндө тасмага тартып кетишкен.

Ар бир эпизоддун аягында алып баруучулар ичинде 100 долларын бар бөтөлкөнү көмүшөт. Казынаны тапкан адам ошол акчага ээ болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.