Кыргызстанда “Нелегал-2021” рейди жүргүзүлүүдө

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы 11-18-октябрь аралыгында “Нелегал-2021” рейдин өткөрүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстандын аймагында болуу жана иштөө эрежелерин так сактоого чакырат.

Белгиленгендей, иш -чара “ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык системаны өнүктүрүү боюнча иш -планына” ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.