Кыргызстанда мигранттар үчүн жаңы сайт иштей баштады

Кыргызстанда тышкы миграция департаментинин маалыматтык-консультациялык борборунун жаңы сайты иштей баштады. Бул тууралуу тышкы иштер мнистрлигинен кабарлашты.

2-июлда, пресса, мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жаңы порталдын функциялары жана МКБ тарабынан республиканын жарандарына көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен таанышышты.

www.migrant.kg сайтына кирген жарандар, төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

  • онлайн режиминде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесиндеги жеке маалыматтарды текшерүү (кара тизме)
  • дүйнөнүн ар кайсыл бурчунан МКБ порталынын операторлору менен байланышып, коопсуз миграция жана адам сатуу кырдаалында жардам берүү үчүн WhatsApp, Telegram, онлайн чат, телефон байланышы жана башка мессенджерлер сыяктуу бардык каналдар аркылуу жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар
  • мыйзамдуу жана коопсуз миграция боюнча ишенимдүү маалыматтарды, анын ичинде чет өлкөлөрдө жарандарга иштөөгө уруксаты бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалыматтарды алуу
  • чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби жөнүндө жаңыланган маалыматка жетүү

“Бул портал мигранттарга маанилүү мамлекеттик кызматтарга ээ болууга гана жардам бербестен, аларды адам сатуучулардан жана кооптуу, мыйзамсыз миграция жолдорунан коргоого жардам берет. Коопсуз миграция – бул биздин максат жана бул долбоор максатка жетүү үчүн маанилүү кадам ”, – деди ЮСАИДдин демократия жана башкаруу боюнча директору Ноэль Бауэр.

Иш-чара карылардын ресурстук борборунун “Кыргыз Республикасынын мигранттарына керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн мигранттардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттерин күчөтүү” долбоорунун алкагында, МКБнын өнөктөштүгүндө, “Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция” USAID долбоорунун колдоосу менен Winrock International тарабынан ишке ашырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.