Кыргызстанда “Мектеп лигасы” программасы баштатылды

Кыргызстанда ири спорттук реформаларга алып келе турган “Мектеп лигасы” программасы баштатылды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Мектеп лигасынын” программасы мектеп окуучуларынын арасында спорттун массалык түрүн жайылтууга багытталган. Бул программанын алкагында футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу спорт түрлөрү тандалып алынды.

Мындай оюндар балдарды командада иштөөгө, жоопкерчиликти жана тартипти сактоого үйрөтөт.

Ошондой эле, мектеп окуучуларына спорттук тарбия берүүдөн тышкары, бул программа руханий-патриоттук сезимдерди калыптандырууга багытталган.

«Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында 150 миңден ашуун окуучуну камтуу пландаштырылууда. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп турат », – деп ишендирди Шабданбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.