Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооган маңзатын ташыган топ колго түшкөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМ менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында маңзат каналын уюштурган адамдар кармалып, 274 килограмм гашиш жана 3,5 килограмм метамфетамин алынды. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусунда баңгизат даярдаган топ аныкталган. Анда Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде маңзат даярдаган жабдуулар жана 87 килограмм гашиш, 17 килограмм марихуана табылган.

Токтогулда үйдөн 101 килограмм баңги заты табылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген