Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөн ашуун адам бар

Кыргызстандын абактарында өмүр бою эркинен ажыратылган 340тай жаран бар.Алардын жаш курагы 20дан жогору экенин “Азаттык” радиосуна Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Альберт Колопов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн атайын абак жок болгондуктан ар кайсы жактарга бөлүштүрүлгөн. Айрымдары шарты катаал убактылуу кармоочу жайларда жатат.

Бүгүн Бишкекте өмүр бою абакка кесилгендердин абалы, жаңы кабыл алынган кодекстердин аларга таасири, ырайым маселеси туурасында талкуу өтөт. Ага укук коргоочулар, юрист эксперттер, судьялар жана тийиштүү органдардын өкүлдөрү катышат.

Талкууну Акыйкатчы институту менен Кыйноого каршы коалиция өткөрүп жатат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анын негизинде кодекстерге байланыштуу анализ жасалат.

Кыргызстанда аялдар менен балдарды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарылбайт.

Быйыл 1-январдан тарта жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Ага ылайык айрым соттолуучулардын иши кайрадан каралууда.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген