Кыргызстанда коррупцияга каршы ишкер кеңеши түзүлөт

Бүгүн, 23-июнда, Садыр Жапаров бизнес коомчулугу менен жолугушууда өлкөдө коррупцияга каршы ишкер кеңеш түзүлө турганын айтты.

«Жакынкы арада мен президенттин администрациясына коомдук башталышта коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүүнү иштеп чыгууну тапшырам. Кеңешке бардык ишкерлер кире алышат, ал жакта ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөргө кайрылышса болот, андан кийин мен өзүм маселелердин чечилишин жеке көзөмөлгө алам », – деди президент.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.