Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 12ге жетти

Кыргызстанда дагы коронавирусту жуктуруп алган 6 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Маалыматка ылайык, алар дагы кичи ажылыктан келгендер. Бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур (18-мартта) Сузак районунда катталган. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ал эми кечээ, 20-март күнү Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталган.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын баары Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен.

Короновирус: Оштогу акыркы абал кандай?

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген