Кыргызстанда коронавирус катталды

Кыргызстанда коронавирус менен 3 адам катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, вирус табылган жарандар Жалал-Абад облусунун тургундары. Алар Сауд Арабиясына барып келишкен. 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын биринин дене табы көтөрүлгөндүгү айтылган.

“Учакта илдетти жуктургандар менен чогуу 135 адам болгон. Алардын сегизи Сауд Арабиясынан келе жаткан. Арасында бир аял бар. Азыркы тапта каттамда бирге болгон 90 адам анализ тапшырып, медициналык кароодон өтүүдө”, – деди министр.

Коронавирус жуктуруп алгандар менен учакта чогуу келген 90 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.

Кыргызстан коронавирус катталган Борбор Азиядагы үчүнчү өлкө болду. Буга чейин Казакстан менен Өзбекстанда катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген