Кыргызстанда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык спорттук оюндары өтөт

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында, 4-12-сентябрь күндөрү КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунан билдиришти.

Турнир анын колдоосу менен өтүүдө.

Аталган оюндар профсоюздардын ыктыярдуу дене тарбия жана спорт коомунун Кыргыз республикалык кеңеши Кыргызстандын дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте уюштурду.

КМШ өлкөлөрүнүн, ошондой эле Кытайдын, Монголиянын жана Пакистандын профессионал эмес спортчулары жыйырманчы жолу Ысык-Көлдүн жээгине чогулушат. Сынактын урааны “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы”.

Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунан билдиришкендей, катышуучулардын жалпы саны эки миң адамдан ашат. Алардын баары өз өлкөлөрүндө алдын ала тандоо турунан өтүп, спорттун 20 түрү боюнча күч сынашат.

Алар: дартс, мини-футбол, мас-рестлинг, стол тенниси, сууда сүзүү, волейбол, стритбол, армрестлинг, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, аркан тартыш, жеңил атлетика боюнча массалык жарыш, пляж футболу, пляж волейболу, күрөш, пляж регбиси, сумо күрөшү.

Спортчулар салттуу мелдештерден тышкары улуттук күрөш “Алыш” (бел боо) боюнча күч сынашып, “Баатыр Ысык-Көл” мелдешине катыша алышат. Мелдештер ар кандай курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өткөрүлөт.

Ошондой эле, Кыргызстанда машыктыруучулар, кесипкөй коомчулуктун эксперттери дагы чогулуп, массалык спортту өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун келечегин талкуулашат.

Мелдештин ардактуу коноктору КМШ өлкөлөрүнүн атактуу спортчулары.

Оюндардын ачылыш аземи 5 -сентябрда болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.