Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт

Өлкөдө Казак өлкөсүнүн маданият күндөрү өтөт. Казак маданиятын даңазалаган маданият күндөрүн Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданият күндөрүнүн алкагында “Казак кино күндөрү” өтүп, Казакстандын эмгек баатыры, СССРдин жана Казакстандын эл артисти Асанаалы Ашимов жана «Казак хандыгы. Алмаз кылыч» тасмасынын режиссёру Рустем Абдрашев менен жолугушуулар уюштурулат.

Маданият күндөрүнүн программасында Казак өлкөсүнүн искусство чеберлеринин концерти, казак кино күндөрү, Казакстандын археологиялык артефактары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элиин улуу акыны агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевтин өмүрүнөн алынган А. Жубанов, Л. Хамидинин “Абай операсы” көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, Казакстандан 300дөн ашуун белгилүү маданият өкүлдөрү келет.

Толук программа: 7- октябрь, 14:00Казакстан киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы. СССРдин жана Казакстандын эл артисти, Казакстандын Эмгек баатыры Асанаалы Ашымов жана “Казак хандыгы” жана “Алмаз Кылыч ” тасмасынын режиссёру Рустем Абдрашев менен жолугушуу өтөт. (Өтө турган имарат: “Манас” кинотеатры).

Ал эми казак кинолору 7-9-октябрь күндөрү “Манас”, “Россия”, жана “Октябрь” кинотеатрларында акысыз көрсөтүлөт. 18:00Казакстан Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий ачылышы, Казакстан искусство чеберлеринин гала –концерти. (Өтө турган имарат: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы).

8-октябрь, 14:00Казакстандын археологиялык экспонаттары жана көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы;

Көргөзмө 8-14—октябрына чейин уланат. (Өтө турган имарат: Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейи);15:00″Туран” фольклордук -этнографиялык ансамблинин концерти, (Өтө турган имарат: Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейи);

19:00 Казакстан Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий жабылышы, Абай атындагы Казак Мамлекеттик академиялык опера жана балет театры тарабынан А. Жубанов, Л. Хамидинин «Абай» операсы көрсөтүлөт. (Өтө турган имарат: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улттук академиялык опера жана балет театрында).Мындан сырткары, маданият күндөрүнүн алкагында бир катар эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.