Кыргызстанда “Камаз” компаниясынын тетиктерин чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда орусиялык “КАМАЗ”  компаниясынын автоунааларын кура турган ири ишкана пайда болушу мүмкүн. Бул маселе КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов менен “КАМАЗ” АКнын Автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары Василий Цыганов менен болгон жолугушууда каралды, деп билдиришти агентикктин басма сөз кызматынан.

Маалымат боюнча, жолугушууда, өлкөбүздүн  аймагында унааларды куроону уюштуруу маселеси талкууланды.

Андан сырткары, 2021-жылы 26-апрелде Казань шаарында өткөн татар-кыргыз бизнес форумунда “DT Technic” жана  “КАМАЗ” жүк ташуучу унааларын кураштыруу жаатында биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.