Кыргызстанда калктын 95 пайызы санарипке өттү

Өлкөдө калкты санарипке өткөрүү иштери 95 пайызга аткарылды. Калган беш пайызын тоолуу аймактарда аткарылчуу жумуштар түзөт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын техникалык жетекчиси Муталип Бекташов билдирди.

Анын айтымында, социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду. Ал эми 326 айыл радиобайланыш жетпеген аймактарда жашагандыктан, санариптик телеберүү камтыла элек. Мындай аймактарга жабдуулар орнотулуп бүткөнчө аналог телекөрсөтүү сакталып турат.

Өкмөттөн кабарлашкандай, өлкөдө санариптик берүүгө өтүү боюнча маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб да түзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген