Кыргызстанда калктын 71,2 пайызында коронавируска каршы антителосу бар

Кыргызстанда 1-апрелге карата калктын 71,2 пайызында COVID-19га каршы антителосу бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги пресс-конференцияда “Профилактикалык медицина” бейөкмөт уюмунун алдындагы республикалык вирустук инфекцияларга каршы күрөшүү илимий-практикалык борборунун башчысы, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бул оорунун өсүшү азайышы керек дегенди билдирбейт.

«Жарандардын 28 пайызынын антителолору жок, бул болжол менен 1 миллион 800 миң адам. Биздин маалыматыбыз боюнча, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын 50 пайызында оору асимптоматикалык мүнөзгө ээ. Андан кийин антителосу жок жарандардын санын экиге бөлсөк, 900 миң адам алабыз. Бүгүнкү күндө, алар бир эле учурда ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. Демек, тынчтанууга негиз жок. Адамдар тойлоп жүрүшөт, коомдук транспортто тыгында жол жүрүшөт , мунун бардыгы илдетти жугузууга алып келүүдө », – деди ал.

Ал белгилегендей, вакциналардын коопсуздугуна ишенбеген, бирок жалган жаңылыктарга ишенген жарандар дагы чоң көйгөй жаратууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.