Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынгандыгы айтылат.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.