Кыргызстанда көк бөрү улуттук оюну жөнүндө тасма тартыла баштады

Кыргызстанда улуттук көк-бөрү оюну жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады. Бул тууралуу Көк-Бөрү федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, быйыл оюндун акыркы түрүнө 25 жыл болду – көк бөрү боюнча спорттук мелдештердин заманбап эрежелери 1996-жылы иштелип чыккан. Буга байланыштуу федерация оюнга арналган даректүү тасма тартууну демилгеледи.

“Фильмдин максаттары – бул көк бөрү тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий каада-салтын жайылтуу жана жандандыруу, жаштардын мекенчилдик сезимин тарбиялоо, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо “,- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.