Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасы катаалдашат

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталып, көпчүлүк учурда тараптардын жарашуусу менен аяктап, сотко жылына миңге жетпеген гана арыз келип түшөт.

Мындан улам, Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандар боюнча жазаны күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Мыйзамга ылайык, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганына карабай, зомбулук көрсөткөн киши жаза тартылары айтылат.

Парламент «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун 20-январда кабыл алган. Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук күчөп баратат .

Алсак, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2 500дөн 3500гө чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7 миңден түшкөн эмес. Өткөн жылы бул көрсөткүч 9 миңден ашты.

Статистика көрсөткөндөй, алардын дээрлик 90 пайызы жаңы мыйзамдын кабыл алынышын колдойт.

Бирок ал ишке кирсе, үй-бүлөдөгү зомбулукка арыздангандар көмүскөдө калып калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Даярдаган: Барчын Орозмаматова, Динара Абдижапар кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.