Кыргызстанда интернет өчүрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандын аймагында Өзгөчө кырдаалдын негизинде интернет 23-марттан 12-апрелге чейин интернет өчүрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, интернетти өчүрүү тууралуу эч кандай сөз болгон эмес.

Буга чейин Whatsapp тиркемеси аркылуу төмөндөгүдөй билдирүүлөр тарап кеткен:

“Өзгөчө кырдаалдын негизинде интернет 23- марттан, 12- апрель айына чейин өчүрүлөт! Баардык Мекендештерге жеткирип, коюңуздар! калган алымча, кошумча каражаттарды компания өзү жоокерчилигине алат”

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус 18-мартта катталган. Кечээ, 21-мартта, өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Буга чейин өлкөдө бардыгы болуп COVID-2019га кабылгандардын саны 14 экени айтылган (6 эркек, 8 аял):

📌Баткен облусу – 1 адам;

📌Сузак району – 8 адам;

📌Ноокат району – 3 адам;

📌Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны – 2628 адам.

Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.

Ошто аткезчилик жол менен беткап ташып бараткандар кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген