Кыргызстанда ички дүң продукттун көлөмү өстү

2021-жылдын январь-декабрында ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 723 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салышырмалуу 3,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 668 млрд сом болуп, өсүү 3,9 пайызды түздү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.