Кыргызстанда хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте 10 -декабрдан 20 -декабрга чейин мэрдин кубогуна арналган балдар командалары арасында хоккей боюнча мелдеш өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова билдирди.

Турнирге АКШ, Чехия, Финляндия, Өзбекстан жана Казакстандан командалардын келиши күтүлүүдө.

Асел Абдыгулова белгилегендей, Кыргызстанда балдардын хоккей боюнча деңгээли өлкөдө өткөрүлгөн көптөгөн турнирлердин, мисалы, «Алтын шайба» эсебинен өсүп жатат.

«Кыргызстанда таланттуу жана күчтүү балдар көп. Алар атаандаштыкка жөндөмдүү. Ал эми биздин максаттардын бири – Кыргыз Республикасынан ошончо баланын дүйнөнүн эң мыкты академияларында билим алуусу », – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.