Кыргызстанда Грэпплинг UWW боюнча өлкө чемпионаты башталды

Бүгүн 8- февраль Кыргыз Республикасынын грэпплинг UWW боюнча өлкө чемпионаты старт алды. Чемпионаттын ачылышын кыргыз республикасынын спорт агенствосунун орун басары Канат Арпачиев ачып , куттуктоо сөзүн айтты.

Арпачиев грэпплинг федерациясынын 1,5 жылдагы дүйнөлүк аренада жетишкендиктерин баса белгилеп, 2019- ж Казахстанда өткөн дүйнөлүк мелдеште алтын, күмүш медалдарды багынткан Абдурахман Муртазалиев менен Абдылдабек Кекеновго грэпплинг UWW эл аралык спорт чебери деген наамды тапшырды.

Мындан сырткары ачылыш салтанатта грэпплинг федерациясынын колдоосу менен жазылган кыргыз спортунун гимнин презентациясы жаңырды. Мелдеш Бишкекетеги газпром спорт залында өтүп, өлкөнүн жети дубанынан 635 спортчу күч сынашууда. Иш чарада россиянын грэпплинг боюнча эл аралык класстагы чебер Алексей Тихоглазов өз командасы менен калыстык милдетин аткарууда.

“Кыргызстан грэпплингди бат кабыл алып, аз убакыттын ичинде дүйнөгө тең тайлашып жатат. Бул жылкы республикалык чемпионат мени абдан толкундантты. Катышуучулардын саны жана көрөрмандар залга жыш толуп, активдүү колдоп жатышат. Бул менен федерация жетекчилигинин мээнети күч экенин айтпасам да белгилүү. Ошондой эле кыздар арасында да грэпплинг мыкты өнүгүп, жемишин берип жатат. Бир сөз менен айтканда мелдеш биз күткөндөн да мыкты уюштурулуп, өтүп жатат”,- деди башкы калыс Алексей Тихоглазов.

Бүгүн спортчулар ноги версиясы менен беттешсе, эртең 9-февраль ги түрүнөн өлкө чемпиондору аныкталмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген