Кыргызстанда эркектер аялдарга караганда көбүрөөк иштешет

Кыргызстанда эркектер жумасына орточо эсеп менен караганда беш сааттан иштешет. Бул тууралуу “БУУ-Аялдар” уюмунан билдиришти.

Анда белгилешкендей, шаарларда дээрлик эч кандай айырма жок: эркектер жумасына 43 саат, аялдар 41 саат иштешет.

Айырма айылдын эсебинен түзүлөт, анда эркек калк 38 саат, аялдар 30 саат иштейт.

Бирок, кыргыз аялдары акысыз түрдө үй иштерине алда канча көп убакытты коротушат: шаарларда эркектер күнүнө бир сааттан үй жумуштарына, аялдар 3,5 саат жумшашат. Айылдарда өлкөнүн эркектеринин жарымы үй жумуштары менен күнүнө 1,5 саат алек болушса, аялдардын көпчүлүгү ишти 5 саат бою аткарышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.