Кыргызстанда эмгекке тартылган балдардын саны 20 миңге жетет

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда жумушка тартылган жашы жете элек балдардын саны 20 миңди чамалайт. Эксперттер болсо чыныгы сан 70 миңге чамалайт деп билдиришет.

“Ынтымактын” “Өңүт” программасы жашы жете элек балдардын эмгекке тартылуусу тууралуу кеп козгоду.

Мамлекеттик экотехинспекциясынын башкы инспектору Махмуд Вахапов өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусуна үй-бүлөнүн оор шарты себеп болуп жатат дейт.  Инспектор бул маселе таптакыр жоюлбаса да,  абал мурдагыга салыштырмалуу жакшы экенин билдирди.

“Балдардын жумушка тартылуусунун алдын алуу аракеттери тынымсыз жүрүп келе жатат. Бирок таптакыр жоюп койдук дегенден алысмын. Ошентсе да мурдагыдай араба түртүп, акча тапкан балдар жок болуп калды”, – деди Махмуд Вахапов.

Сүрөт:  www

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz