Кыргызстанда эмдөө күбөлүгүн алуу жеңилдеди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы санарип кызматтарын иштеп чыгып, ишке киргизди. Бул кызматтар менен vc.emed.gov.kg расмий сайтына кирип, пайдаланса болот.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жарандар COVID-19 вакцинасын алгандыгы жөнүндө күбөлүктү аралыктан эле бере алышат. Бул үчүн сервистин колдонуучулары “Сертификат” бөлүмүнө кирип, керектүү маалыматтарды киргизиши керек:

Кыргыз жарандары үчүн: жеке идентификациялык номери (PIN), ID-картанын сериясы жана номери;
Чет өлкөлүк жарандар үчүн: паспорттун номери, фамилиясы жана аты.
Сертификаттар pdf форматында жеке QR коду менен көрсөтүлөт.

Буга чейин тастыктама алуу үчүн булутка негизделген электрондук кол тамга, eID-карта (2017-жылкы паспорт), паспортту окуучу түзмөк жана кирүү паролу талап кылынган.

Эске салсак, 11-июлда Кытайдан Кыргызтанга 1,25 миллион доза Синофарм вакцинасы келип түшкөн. Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы эмдөөлөр өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат. Соода борборлорунда жана билим берүү мекемелеринде кошо алганда, 800дөн ашуун убактылуу эмдөө аянтчалары ачылган.

Вакцинациядан өтүш үчүн, жанында паспорту болушу керек.

20 миң кишиге 40 миң доза AstraZeneca күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.