Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны эки эсеге өстү. Бул эмне үчүн кооптуу?

 Кыргызстанда бир жылда эле эмдөөдөн баш тарткандардын саны эки эсеге өстү. Ата-энелердин басымдуусу диний ишенимден улам балдарына вакцина алдыртпайт. Алты миллион калкы бар Кыргызстанда 9 миң баланын эмделбей калышы эмне үчүн кооптуу?

Жугуштуу оорулардан жалпы коргонуу үчүн кеминде калктын 95%ы эмделген болушу керек. Вакциналардын бир нече түрү боюнча орток көрсөткүч азыр өлкөдө – 94,80%. Демек, эмделбеген балдар улам көбөйгөн сайын “элдик” иммунитет төмөндөй берет. Мунун кесепетин Кыргызстан 2014-15-жылдары кызылча дарты жайылганда сезген. Анда эпидемия кылтагына илингендер 18 миңге чамалаган эле.

Энелер кызылчага кабылган балдары менен. 2015-жыл/Спутник

 

Маал-маалы менен жугуштуу оорулардын мынтип жайылышы Кыргызстанда өтө көп балдар өмүргө коркунуч жаратчу инфекциялардан корголбогонунан кабар берет.  Расмий статистика боюнча 2017-жылы өлкөдө эмдөөдөн баш тарткан 9 миңге жакын учур катталды. Буга диндин таасири  жана интернетте вакцинага каршы маалыматтардын күчөшү себеп. Айрым уюмдар чындап келгенде эмдөөдөн баш тарткандардын саны  алда канча жогору экенин айтып келет. ЮНИСЕФтин акыркы изилдөөсүндө вакцинадан баш тарткан энелердин 70%ы гана чечимин медициналык мекемеде каттаткан. 

“Оорунун баары кудайдан”. Баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин 68%ы тандоосун диний ишенимге байланыштырат.

Алар “вакцина адал эмес”, “оорунун баары кудайдан” дегендей жүйөөлөрдү келтирет. Бул тенденция муфтияттын “Ислам вакцинага каршы эмес” деген позициясына карабай күч алууда. Бирок  диний лидерлердин эмдөөгө карата башкалардан (ата-энелер, медициналык кызматкерлерден) өзгөчөлөнгөн көз карашы бар экени аныкталды.

 

ЮНИСЕФтин изилдөөсүнө катышкан диний лидерлердин 41%ы жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эмдөөдөн да натыйжалуураак жолдор бар дешет. Бул – дени сак жашоо образы, гигиена, туура тамактануу, дене тарбиясы. Ал эми диний лидерлердин 10%ы намаз аркылуу инфекциянын алдын алса болоруна ишенет.

Диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди оюнан кайтууга ынандыруу да кыйын. Бул жаатта Ошко караштуу Араван районундагы ак халатчандар үчүн салыштырмалуу оор.  Анткени аймакта баш тарткандарын 100%ы себеп катары динди көрсөткөн.

“Мечит, медреселерге чейин барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Имамдар деле четте турбайт. Бирок баш тартууларды жое албай жатабыз. Өз алдымча изилдеп, ата-энелер менен жеке сүйлөшүп да көрдүм. “Сурап эмне кыласыз, тынч коюңуз” дешет. Өз ара сүйлөшүп алышабы, булардын диний көз карашы мага туңгуюк”, – дейт Араван райондук саэпидкөзөмөлдөө кызматынын дарыгери Чолпонбай Мурзуибраимов.

Араван районундагы эмдөө/Ныяз Ташматов

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев өзүнүн алты баласы тең эмделгенин айтып, вакцинадан баш тартууга медиктерде ич ара бирдиктүү позиция жоктугу көбүрөөк таасир этип жатканын белгилейт.

“Азыр баары интернетке кирет, ал жакта дарыгерлер, окумуштуу-профессорлор эмдөө зыян деп, далилдерин жазууда. Дарыгерлер бир пикирге келиши керек. Андыктан биз баланы эмдетүү эркин болушу шарт дейбиз. Вакцина алуу же албоо – ата-эненин укугу”, – дейт өлкө муфтийи.

Ош шаарындагы эмдөө учуру /ЮНИСЕФ

 

Дин эле эмес. Дарыгерлердин 85%ы вакцина боюнча маалыматка муктаж 

Ош шаарынын тургуну Искандер Субанкулов  балдарын эмдетүүгө каршы. Өзү эки жогорку билимдин ээси, динди да карманат. Бирок  мындай чечим кабыл алышына Кыргызстанда вакциналардын сапатын, кесепетин текшере турчу лабораториялардын жоктугу түрткү болгон.

“Дин, тескерисинче, балдарды эмдеткиле дейт. Бизде вакцинанын пайда же зыянын текшере алышпайт. Мисалы, жеке өзүм союз учурунда бардык эмдөөлөрдү алганмын. Ошого карабай эки жолу гепатитке кабылдым”, – дейт Субанкулов.

Үч баланын атасы эмдөө жаатында медицина кызматкерлеринин чабал ишине  да нааразы. Биринчиден, төрөт үйүндө балдарын андан уруксат сурабай туруп эмдешкен. Экинчиден, ак халатчандар түшүндүрүүнүн ордуна коркутууга өтүп алышканын айтат.

“Вакцина албайбыз, бул биздин укук десең, балаңды бакчага, мектепке калбыл албайт, тастыктама кат бербейбиз деп коркутушат”, – деп нааразы Искандер.

Эмдөөдөн баш тартууда дин эмес, медицинанын өзүндө көйгөйлөр көп экенин  Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова моюндайт. Анын айтымында вакцинаны албай эле кой деп дарыгерлер өздөрү үгүттөгөн учурлар жок эмес.

“Эң чоң көйгөй медиктерде болуп жатат. Биринчиден, дарыгерлер ата-энелерге туура, так маалымат берүүгө физикалык жактан жетишпейт.  Арасында эмдетпей эле кой деп тескери үгүттөгөн ак халатчандар кездешет. А баш тарткандарга болсо “алып койчу” деп 2-3 сөз айтып эле, адис катары ынандыра алышпайт жатат”, – дейт Ишенапысова.

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди дарыгелердин ынандыра албай жатканынын жөнү бар.  Айыл жерлериндеги медиктердин 94%ы, шаарларда 76%ы   вакцинанын курамы, зарылдыгы, пайдасы тууралуу кошумча маалыматтарга муктаж. Мындай жагдай ошол эле ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөдө анык болду.

Эмне кылуу керек?

Себеби кандай болбосун эмдөөдөн баш тартууга эң биринчи кезекте вакциналар тууралуу жеткиликтүү, ишенимдүү жана так маалыматтардын жоктугу таасир этүүдө. Ата-энелер суроолоруна жоопту интернеттен же динден издеп жатат. Өлкөдөгү дарыгерлердин өздөрү вакцинанын пайдасы, курамы жөнүндө жакшы билбегени абалды ого бетер ырбатат. Изилдөөлөрдөн киийн ушундай жыйынтыкка келген Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте эмдөөнү жайылтуу боюнча стратегия иштеп чыкты.

ЮНИСЕФтин өкүлү Галина Солодунованын айтымында, Вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс үч жылдык чоң долбоорду колдоду. Баасы – $800 миң. Анын алкагында:

  • вакцинацияны жайылтуу боюнча интернет жана ТВда бүткүл улуттук кампаниялар;
  • абал жакшы эмес аймактарды социалдык мобилизациялоо;
  • ММК жана дин өкүлдөрү менен иш алып баруу;
  • медицина кызматкерлеринин потенциалын жакшыртуу, коммуникациялык ыктарын күчөтүү иштери жүрөт.

“Дарыгерлердин вакцина тууралуу кеп-кеңеш бере алышына, тургундар менен коммуникация курушуна көп көңүл бурулат. Өлкө боюнча 1000 медициналык кызматкер окуудан өтөт. Эң башкысы консультация берүү боюнча модуль медиктерди даярдаоо жана кайра даярдоо борборунун окуу планына милдеттүү түрдө киргизилет”, – дейт Солодунова.

Миңдеген адамдардын өмүрүн алган жугуштуу оорулар азыр катталбай калса эле бардык коркунуч өткөн кылым менен кошо кетти дегенге болбойт.

Эмдөө киргизилгенге чейин Кыргызстанда жыл сайын орто эсепте кызылчага 17 миң адам, көк жөтөл – 5,5 миң, кептөөр – 1000, полиомиелитке 150 адам кабылган. Булардын 15-20%ы оорудан улам өлгөн. 

Бүткүл дүйнө ар бир адамды эмдегенге аракет көрүп жатканы үчүн азыр жылына 3 млн кишинин өмүрү сакталып калат, дагы миңдеген адам майыптыктан куткарылат. Иммунизация бардык жагынан алып караганда, анын ичинде экономикалык багытта да эң эффективдүү чара болуп эсептелет. Эмдөө үчүн сарпталган 1 сом оорудан айыктырууга кеткен 100 сомду үнөмдөйт.


Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн. 

Материалды даярдагандар: Ныяз Ташматов, Мырзайым Жаныбек кызы, Алтынай Мамбетова, Анастасия Валеева

Башкы сүрөт: Reuters

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген