Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы жылына 10 пайыздан жогорулоодо

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 1-1, млрд кВт/саатты түзөт. Мындай көрсөткүч жыл сайын электр энергиясына болгон муктаждыкты 10%га жогорулатып жатат. Тартыштык 2020-жылга чейин эки эсеге жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Экмат Байбакпаев билдирди.

Эл өкүлү мындай жагдай электр энергиясын пайдалануучулардын санынын көбөйгөнүнөн болуп жатканын белгиледи. Буга чейин Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, акыркы жылдары коӊшуларга импорттой баштагандан улам болуп жатканын кошумчалады.

Депутат келечекте бирдиктүү Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан электр линияларын камтыган CASA-1000 долбоорунун алкагында тиешелүү милдеттемелер да бар экенин эске салып, чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн шарттарды жаратуу зарылчылыгын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.