Кыргызстанда эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чара калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана өлкө аймагында коронавистук инфекциянын андан ары жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Чектөө аба транспорту аркылуу жүк ташууларга, Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик каттамдарга, ошондой эле төмөндөгү жүргүнчү авиакаттамдарына жайылбайт:

– Москва-Бишкек-Москва (“Аэрофлот”) – жумасына 1 жолу;

– Ош-Москва-Ош (“Авиа Траффик Компани”) – жумасына 1 жолу;

– Новосибирск-Бишкек-Новосибирск (“Авиакомпания Сибирь”) – 1 жумасына 1 жолу.

Акышев: 3 күндүн ичинде 3 миңдей кыргызстандыкты чет мамлекеттерден алып келебиз

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген