Кыргызстанда 13 ишкер 10 миң долларга чейин гранттык колдоо алды

Кыргызстанда 13 ишкер 10 000 долларга чейин гранттык колдоо алды. Анын 12си айым ишкерлер. Төрт айым ишкер Ош облусунда ишмердүүлүк жүргүзгөн. Долбоор БУУнун өнүктүрүү программасы жана JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн жарыялаган конкурстун негизинде ишке ашууда.

Демилге чакан жана орто ишканаларды колдоого жана COVID-19 жайылышына байланыштуу кризистин шартында бизнести калыбынакелтирүүгө, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.

Талапкерлерге коюлган талаптар ишкердик чөйрөсүндө эң аз 3 жылдык тажрыйбасы болуусу, 2019-жылы каржылык жоготуусуз ишмердүүлүк жүргүзүүсү; өнүгүүнүн так планы (бизнес-план жана каржылык модель) болуусу каралган. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылык берилген.

Грант БУУнун өнүктүрүү долбоорунун (UNDP) тарабынан пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында адам укуктарына негизделген натыйжалуу, көп тармактуу, адилеттүү, инклюзивдик кризистик реакцияны жана COVID-19дан кийин калыбына келтирүүнү колдоо үчүн Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылы берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.