Кыргызстанда эң жогорку жана төмөнкү айлыктарды кимдер алат?

Кыргызстанда чакан ишканаларды каттоосуз алганда орточо номиналдык эмгек акы 17 900 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу жаатындагы кызматкерлердин орточо эң жогорку эмгек акысы дээрлик 36 миң сом, маалымат жана байланыш – 34,5 миң сомго жакын. Тоо-кен компанияларынын, ошондой эле энергетика жана газ менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлери айына 28 миңге жакын алышат.

Ошол эле учурда, мугалимдердин эң аз айлык акысы – 13,8 миң сомго жакын, дарыгерлердин жана социалдык кызматкерлердин – 10,5 миң сомго жакын.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.