Кыргызстанда доллардын наркы төмөндөй баштады

Дем алыш күндөрү Кыргызстанда доллар бир маалда 40-50 тыйынга төмөндөдү.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 83,9-84 сомдон сатып алып, 84,2-84,4 сомдон сатышууда.
Улуттук банк тарабынан номиналдык алмашуу курсу 84,6213 сом (0,04 пайызга төмөндөө) деп белгиленген.
Белгилей кетчү нерсе, чен 2021-жылдын январь айынын ортосунда болгон деңгээлге түшкөн.
Ошол эле учурда орус рублинин курсу туруктуу бойдон калууда. Ал 1,12-1,127 сомдон сатылып алынып, 1,139-1,148 сомдон сатылууда. Расмий алмашуу курсу – 1,1436 сомду түздү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.