Кыргызстанда диверсиялык акцияны уюштурууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды

Кыргызстанда МТОнун мүчөсү диверсиялык акция уюштурууга аракет кылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөлөрүнүн биринин диверсиялык иш-чараларды уюштурууну пландап жаткан чет элдик М.А. жаранынын иш-аракеттери зыянсыздандырылган.

Ал эл аралык “Жамаат Таухид ва Жихад” террористтик уюмунун активдүү мүчөсү болуп туруп, Кыргызстанга куралдуу жаңжал чыккан аймактан келип, өзүнүн пикирлештерин чогултуп жүргөнү аныкталды.

УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өз ишин улантууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.